Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 28.12.2015 19:38

Жалал-Абад облусунун тургуну сактап жүргөн мылтыгын 623 даана ок-дарысы менен Өзгөн РИИБге тапшырды

Turmush -  Жалал-Абад облусунун 32 жаштагы тургуну Өзгөн РИИБге өз ыктыяры менен ок атуучу курал жана ок-дарыларды тапшырды. ИИМдин Ош шаары жана Ош облусундагы башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 26-декабрда Жалал-Абад облусунун 32 жаштагы тургуну Ш.И. Өзгөн РИИБге өз ыктыяры менен 1967-жылы чыгарылган «Калашников» үлгүсүндөгү автоматты 623 даана ок-дарысы менен өткөргөн.

Учурда аталган фактыга карата тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Алынган курал менен ок-дарылар баллистикалык экспертизага жиберилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×