Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 22.12.2015 13:44

Кызыл-кыялык 4 балбан Ошто өткөн шаар аралык мелдеште мыктылыгын көрсөтүштү

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда шаар аралык эркин күрөш боюнча өткөрүлгөн мелдеште кызыл-кыялык 4 балбан жеңишке жетишти.

Жеңишке жеткен балбандардын машыктыруучусу Алмаз Эрматовдун айтымында, аталган мелдешке 15 командадан 150гө жакын спортчу катышкан.

«Кызыл-Кыя шаарынан 12 балбан катышып, 74 кг салмактагылар арасындагы мелдеште 1-орунду Бектурсун Турдалиев ээлесе, 55 кг салмактагылар арасында 2-орунга Абдугапар уулу Нурсултан жана 66 кг салмактагылар арасныда Намысбек Ибраимов чыккан. Ал эми 3-орунду 38 кг салмактагылар арасында Сапарали уулу Нурсултан жана 66 кг салмактагылар арасында Эмирлан Анарбаев камсыз кылышты», - деди А.Эрматов.

Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×