Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 22.12.2015 11:59

Өзгөндө предметтик олимпиаданын облустук туруна катышуучу 36 окуучу тандалды

Turmush -  Өзгөн районунда базалык мектептер арасында предметтик олимпиада болуп, 36 окуучу 1-орунду камсыз кылды. Бул тууралуу аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Дүйшөбай Назырбаев билдирди. Анын айтымында, олимпиаданы Ош шаарындагы билим берүү институтунан келген өкүлдөр уюштурду.

«Биздин районда 19-20-декабрь күндөрү предметтик олимпиада болуп өттү. Ага райондогу 84 мектептин окуучулары катышты. И инновациялык мектеп-гимназияларды өзүнчө, базалык мектептердин окуучулары өзүнчө катышты. Орус-өзбек мектептеринде окуган окуучулардан кыргыз тили өзүнчө, орус мектептер арасынан орус тили өзүнчө өткөрүлдү.

Олимпиаданын 1-күнүндө теориялык, 2-күнүндө практикалык тапшырмалар берилди. Окуучулар 13 предмет боюнча үч сынашты. Жалпы жыйынтык боюнча гимназия-мектептер арасында Раимбеков гимназия-мектеби 1-орунду камсыз кылды. Ал эми базалык мектептер арасынан 1-орунду Б.Келдибаев мектебинин окуучулары ээледи. Район боюнча 34 окуучу 1-орунга жазылды», - деди Д.Назырбаев.

Олимпиадада 1-орунду камсыз кылган окуучулар гана облустук турга катышат. Облустук олимпиада 2016-жылдын февраль айынын аягында өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×