Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 21.12.2015 09:33

Өзгөндө 2 жашка толо элек балдызын сабап өлтүргөн шектүү белгисиз себептерден улам соттук отурумга катышкан жок (фото)

Turmush -  Ушул жылдын 26-октябрында Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну балдызынын 2 жашка толо элек кызын сабап өлтүргөндүгү маалымдалган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү 2 айга камакка алынган.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Талант Култаевдин айтымында, шектүү милиция тарабынан тергелип бүтүп, сотко өткөн. Бул боюнча 18-декабрда Өзгөн райондук сотунда каралмак. Бирок белгисиз себептерден улам шектүү Оштогу СИЗОдон 18-декабрдагы сот отурумуна алынып келбегени Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдалды. Натыйжада сот отуруму белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Маалыматтарга ылайык, шектүү учурда Ош шаарында абакта кармалууда.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кыз ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

«Өзгөн районунун тургуну М.А. өзүнүн балдызынын кызын башына уруп өлтүргөн. 2 жаштагы Асия ооруканада жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатып каза болгон. Сабалып өлтүрүлгөн кыздын денесинде ар кандай тактар калган», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Кылмышка шектүү катары кармалган жаран алгачкы тергөө учурунда 2 жаштагы кызды сийип койгондугу үчүн сабагандыгын айткан.

Асия

В 2

Асиянын атасы Медербек

В 1

Шектүү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×