Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 17.12.2015 09:31

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыктары катталды

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 20 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 17-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Белгисиз себеп менен Ош облусундагы Өзгөн шаарынын Ю.Гагарин көчөсүндөгү №37 турак үйдөн өрт чыкты.

Өрт учурунда турак үйдүн, бастырманын чатыры, 800 түк чөп күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле мештин туура эмес түзүлүшүнөн Араван айылынын Юсупов айыл өкмөтүндөгү Улукбек көчөсүндөгү №8 үйдөн өрт чыгып, шыбы, 1 тонна чөп күйүп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×