Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 15.12.2015 09:50

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 16 өрт кырсыктары катталды

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 16 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 15-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ош облусундагы Өзгөн районунун Өзгөрүш айылындагы Исаков көчөсүнүн №66 дарегинде жайгашкан 2 кабаттуу сарайдан өрт чыкты. Өрт учурунда сарайдын чатыры, 2 тонна жүгөрү сабактары күйүп кетти. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле меш менен морлордун туура эмес түзүлүшүнөн улам Өзгөндүн Бабур айылындагы Айткулов көчөсүнүн №49 дарегиндеги үйдөн өрт чыкты. Өрт учурунда бөлмөнүн шыбы күйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×