Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуӨзгөн району 09.12.2015 10:29

Ош шаарында декабрга карата буудай, ун жана кесме азыктарына болгон баа жогорулады

Turmush -  Ош шаарында декабрь айынын башталышында буудай, ун жана кесме азыктарына болгон баа жогорулады. Бул тууралуу Экономика министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын соода анализи, ишкердик жана көзөмөл сектору билдирди.

Сектор маалымдагандай, 20-ноябрдан 4-декабрга карата 1 килограмм буудайдын баасы 14,8 сомдон 15,4 сомго чейин кымбаттаган. Ортодогу баанын өсүшү 3,9%ды түздү.

Ош шаарында көрсөтүлгөн убакытка карата 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы 27,12 сомдон 27,43 сомго, же 1,1%га өскөн.

Көрсөтүлгөн мөөнөткө карата Ош шаарында 1 килограмм кесме азыктарынын баасы 43,8 сомдон 44,9 сомго чейин кымбаттап, ортодогу баанын өсүшү 2,6%ды көрсөттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×