Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 08.12.2015 09:39

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталды

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 8-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Белгисиз себеп менен Ош облусундагы Өзгөн районунун Шагым айылындагы короодон өрт чыгып, 2 тонна чөп күйүп кетти.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Жалал-Абаддагы Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Матказиев көчөсүнүн №55 дарегинде жайгашкан турак үйдүн чатыры, ичиндеги буюмдар жана эмеректер толугу менен өрттөндү.

Учурда өрт кырсыктарынын себептери такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×