Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 03.12.2015 09:59

Өзгөндө 2 жашка толо элек балдызын сабап өлтүргөн шектүүнүн иши сотко жөнөтүлдү (фото)

Turmush -  Ушул жылдын 26-октябрында Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну балдызынын 2 жашка толо элек кызын сабап өлтүргөндүгү маалымдалган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү 2 айга камакка алынган.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Талант Култаевдин айтымында, шектүү милиция тарабынан тергелип бүтүп, иш сотко жөнөтүлгөн. Бирок азырынча соттук отурум белгилене элек.

«Тергөө бүтүп, сотко жөнөтүлгөн. Бирок иш прокуратурада болсо керек. Келээрки аптада отурум белгилүү болот», - дейт жактоочу.

Шектүү учурда Ош шаарында абакта кармалууда.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кыз ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

«Өзгөн районунун тургуну М.А. өзүнүн балдызынын кызын башына уруп өлтүргөн. 2 жаштагы Асия ооруканада жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатып каза болгон. Сабалып өлтүрүлгөн кыздын денесинде ар кандай тактар калган», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Кылмышка шектүү катары кармалган жаран алгачкы тергөө учурунда 2 жаштагы кызды сийип койгондугу үчүн сабагандыгын айткан.

Өзгөндө 2 жаштагы кызды жездеси сабап өлтүрдү: Кайнатам кызымды таштан кулап кеткенин айтып, мени алдаптыр, - өлтүрүлгөн кыздын атасы (фото)

Асия

В 2

Асиянын атасы Медербек

В 1

Шектүү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×