Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 01.12.2015 13:46

Атасы өз уулун атып өлтүрүп, эки небересин жарадар кылган өзгөндүк үй-бүлөдө көптөн бери чыр-чатак болуп келген, - милиция

Turmush -  Кечээ, 30-ноябрда Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Жаңы-Айыл айылында 47 жаштагы тургун уулун атып өлтүрүп, эки небересин жарадар кылганы маалымдалган. Ага үй-бүлөлүк чыр себеп болгон.

Алынган маалыматтар боюнча, буга чейин ата-энеси өз ара араздашып, апасын 28 жаштагы уулу Россияга кетирген.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгын басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, кечээ 47 жаштагы К.А. өзүнүн үйүндө 28 жаштагы уулу К.Ж менен уруша кеткен.

Натыйжада атасы уулун ИЖ-16 калибрлүү ок атуучу курал менен унаага олтуруп жаткан жеринде аткан. Атылган октон (чачма) алган жаракаттан К.Ж. окуя болгон жерде каза болгон. Анын 5 жаштагы уулу менен 2 жаштагы кызы денесинен жаракат алышкан. Каза болгон К.Ж. өлүк сактоочу жайга жеткирилип, жаракат алган балдарга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Бул кылмышка шектүү катары А.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Окуя боюнча КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

А 2

А 3

А 6

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×