Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 01.12.2015 12:45

Фото - Өзгөндүн 47 жаштагы тургуну өзүнүн уулун атып өлтүрүп, эки небересин жарадар кылды

Turmush -  Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында атасы уулун атып өлтүрдү. Кечээ, 30-ноябрь күнү Өзгөн РИИБге ок атуучу куралдан набыт болгон адамдын денеси райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилгендиги жөнүндө кабар түшкөн.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, Зергер айыл аймагынын Жаңы-Айыл айылынын 47 жаштагы тургуну К.А. өзүнүн үйүндө 28 жаштагы уулу К.Ж менен уруша кетишкен.

Натыйжада атасы уулун ИЖ-16 калибрлүү ок атуучу курал менен аткан. Атылган октон алган жаракаттан К.Ж. окуя болгон жерде каза болгон. Анын 5 жаштагы уулу менен 2 жаштагы кызы денесинен жаракат алышкан. Каза болгон К.Ж. өлүк сактоочу жайга жеткирилип, жаракат алган балдарга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Бул кылмышка шектүү катары А.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Окуя боюнча КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

А 2

А 3

А 6

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×