Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 30.11.2015 15:11

К.Кадыралиев менен бирге өзгөндүк ишкерди тоноого шектелген «Сашка» каймана аттуу А.Амановдун ишин мындан ары Октябрь райондук соту карайт

Turmush -  Өзгөндүк ишкерди тоноого шектелген А.Амановдун иши мындан ары Октябрь райондук сотунда каралмай болду. Буга жабырлануучулардын берген арызы себеп болгон. Кийинки соттук отурум 18-декабрда болот. Бул тууралуу жактоочу Байыш Жоробеков билдирди.

Шектүүлөрдүн бири Канжар Кадыралиев Октябрь райондук сотунун бүгүнкү чечими менен эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулду.

Мурдараак маалымдалгандай, Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн жашоочусу жеке ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсүн 2014-жылдын 31-августунда түн ичинде белгисиз адамдар карактап кетишкен. Бул окуяга шектүү катары Канжар Кадыралиевге (КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы) кылмыш иши козголуп, анын «оң колу» катары таанылган Абдисалам Аманов (лакап аты Сашка) 20-январда кармалып, камакка алынган.

Аманов да өзгөндүк ишкер С.Келдибаевдин үйүн карактоого катышкан деп шектелген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×