Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 27.11.2015 12:56

Өзгөндүн 8 жашоочусунда ВИЧ/СПИДдин белгилери чыкты, анын бири өспүрүм

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда СПИД илдетине чалдыккандардын саны өткөн жылга салыштырмалуу аз катталды. Бул тууралуу Өзгөн райондук үй-бүлөлүк медициналык дарыгерлер борборунун башчысынын орун басары Зулейха Дукенбаева аймактык кабарчыга билдирди.

«Биздин райондо жыл башынан бери 8 адам СПИД илдетине кабылды. Алардын ичинен бирөө 12 жашка чейинки бала болсо, калганы чоңдор. Өткөн жылы 10 адам катталган. Негизинен бизде каттоого алынгандардын басымдуу бөлүгү жыныстык жол менен жугузгандар», - деди З.Дукенбаева.

Аталган райондо СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата 1 айлык жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×