Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 27.11.2015 10:40

Өзгөндүк окуучуларга СПИДден сактануунун жолдору тууралуу кеңири түшүндүрүү иштери аланууда

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата 1 айлык жарыяланып, тегерек стол, ар кандай багытта иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөн райондук үй-бүлөлүк медициналык дарыгерлер борборунун башчысынын орун басары Зулейха Дукенбаева аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, ар бир айыл өкмөттөр, кварталдык комитеттер менен биргеликте иштер жүрүп жатат.

«Биздин райондогу айыл өкмөттөрдө жашоочулардын катышуусу менен СПИДге каршы күрөшүү боюнча тегерек столдорду өткөрдүк. Анда бул оорунун кандай жолдор аркылуу жуга тургандыгын, сактануунун жолдору айтылды. Мектептеги 4-класстан жогорку класстардын окуучулары «СПИДден сактануунун жолдору» деген темада жат жазуу жазышты.

Мындан сырткары СПИДден сактануу тууралуу китепчелер чыгарылып, таратылды. Иш-чаралар 1-декабрга чейин уланат», - деди З.Дукенбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×