Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 26.11.2015 15:51

Өзгөндөгү окуучулар арасында «Күзгү кросс» өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 26-ноябрда Ош облусунун Өзгөн шаарында өспүрүмдөр арасында «Күзгү кросс» өттү. Мелдешке балдарды жана өспүрүмдөрдү даярдоо клубундагы окуучулар толугу менен катышууда, деп билдирди клубдун жетекчиси Азиз Мавлянов. Анын айтымында, бул мелдеш жыл сайын өткөрүлөт.

«Биздин клубда окуган балдардын 150гө жакыны чуркап бүтүштү. Окуучуларыбыздын окуусуна тоскоол болбо үчүн эртең менен окугандар түштөн кийин, түштө окугандар эртең менен чуркашат. Дагы 200 окуучуну саат 4тө чуркатабыз. Биздин клубга окуганына 1 жыл болгон окуучулар 1 км, 2 жыл болгондор 2 км, 3 жыл окугандар 3 км чуркайт, ал эми спорттун жеңил атлетика түрү менен машыгып келгендер үчүн бул көрсөткүч 2 эсе көп болот», - деди А.Мавлянов

Ал эми кросс бүткөндөн соң чуркоо боюнча ийримдин жетекчиси Азамжан Курулбаев окуучуларга туура чуркоонун ыкмаларын көрсөтүп, ачык сабак өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×