Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 26.11.2015 10:45

Эл агартуунун отличниги, Өзгөндөгү мектептин директору А.Самиевдин каза болушуна райондук билим берүү бөлүмүнүн негизсиз кысымдары себеп болду, - үй-бүлөсү

Turmush -  Ушул жылдын 8-ноябрында Өзгөн районунун Ак-Кыя айылынын №41 М.Ибраимов орто мектебинин директору Абдыкаар Самиев каза болгон. Ал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ысмайыл Дүйшеевдин кысымынан улам каза болгонун айтышып, милицияга арыз жазышты. Бул тууралуу маркум А.Самиевдин уулу Айбек Самиев билдирди.

директор

Анын айтымында, Ы.Дүйшеев 2014-жылдан бери директор А.Самиевге кысым көрсөтүп, негизсиз текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Мындан улам мектеп директорунун кан басымы көтөрүлүп, ооруканада каза болгон. Учурда эки тараптын чырын милиция көзөмөлдөп жатат.

«Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Дүйшеев кысымдарын улантып, сен мага эч ким эмессиң деп коркутуп келген. 2015-жылы октябрь айында райондогу 96 мектептин директорлору катышкан чогулушта Ы.Дүйшеев атам А.Самиевди жарым саат катуу урушуп, чогулуш бүткөндөн кийин иш бөлмөсүнө чакырып, мажбурлоо менен “ден соолугума байланыштуу кызматымдан кеттим” деп арыз жаздырган. Андан кийинчерээк дагы иш бөлмөсүндө катуу тилдеген.

Ошондон кийин атамдын кан басымы көтөрүлүп, түз эле Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн ооруканасына түшкөн. Андан кийин дарыгердин багыттамасы менен Өзгөн райондук ооруканасына жатып калган. Мына ошол ооруканда жүрөк оорудан 8-ноябрь күнү каза болду», - деди маркум А.Самиевдин уулу А.Самиев.

Учурда А.Самиев Өзгөн РИИБге арыз жазып, текшерүү иштери жүрүүдө.

директтр

Ал эми Ы.Дүйшеев маркум директор А.Самиевди кызматтан кетүүгө мажбурлабаганын айтат. «Облусттук админстрациядан 4-октябрь күнү №41 М.Ибраимов орто мектебине текшерүү комиссиясы барган. Текшерүүдө белгилүү болгондой, директор А.Самиев мектептин жылдык жана секциялык пландарын түзгөн эмес. Мындан улам жалпы облусттук мамлекеттик админстрациянын жыйынында директор А.Самиевдин иш орду козголгон. Андан соң ал өз арызы менен кеткен», - деди Ы.Дүйшеев.

Маркум Абдыкаар Самиев мугалим болуп 40 жылдан ашуун эмгектенген. Ушул убакыт аралыгында бир канча сыйлыктарга, анын ичинде Эл агартуунун отличниги наамына да татыган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×