Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 24.11.2015 10:58

Өзгөндүк ишкерди тоноого шектелген К.Кадыралиев менен А. Амановдун соту 26-27-ноябрга белгиленди

Turmush -  Өзгөндүк ишкерди тоноого шектелген А.Амановдун иши 27-ноябрда Өзгөн райондук сотунда каралат. Бул тууралуу жактоочу Байыш Жоробеков билдирди. Соттук кароо буга чейин убактылуу токтотулган.

Мурдараак маалымдалгандай, Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн жашоочусу жеке ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсүн 2014-жылдын 31-августунда түн ичинде белгисиз адамдар карактап кетишкен. Бул окуяга шектүү катары Канжар Кадыралиевге (КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы) кылмыш иши козголуп, анын «оң колу» катары таанылган Абдисалам Аманов (лакап аты Сашка) 20-январда кармалып, камакка алынган.

Аманов да өзгөндүк ишкер С.Келдибаевдин үйүн карактоого катышкан деп шектелген.

Ал эми Канжар Кадыралиевдин соту Октябрь райондук сотунда 26-ноябрда каралмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×