Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 19.11.2015 09:42

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыктары катталды

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 19-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ош облусундагы Өзгөн районунун Куршаб айылындагы Манас көчөсүнүн №36 дарегинде жайгашкан үйдөн өрт чыкты. Өрткө мордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон.

Тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам Таластын Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылынын Чаткал көчөсүндөгү №43 үйдүн жашоочусу үйүнөн өрт чыгарды. Өрт учурунда бөлмөдөгү буюмдар өрттөнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×