Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 17.11.2015 12:25

Өзгөндөгү өрт кырсыктары өткөн жылга салыштырмалуу көбөйдү

Turmush -  Өзгөн районунда 9 ай аралыгында 106 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмүнүн инспектору Руслан Эргешов аймактык кабарчыга билдирди. Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу өрт кырсыгы 6 учурга көп катталган.

«Негизинен катталган өрт кырсыктары турак жайларда, мал сарайда жана ачык аймактарда катталган. 9 ай аралыгында өрттөн келтирилген чыгымдар 2 млн сомдон ашты. Өткөн жылы 100 өрт кырсыгы катталган. Жыл башынан бери райондогу 30 турак үй өрттөнүп, келтирген чыгым 89 миң 920 сомго жетти. Ал эми короо-сарайлардан 23 өрт, ачык аймактардан 30 өрт кырсыгы чыкты», - деди Р.Эргешов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×