Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 17.11.2015 12:19

Өзгөндө 2 жашка толо элек балдызын сабап өлтүргөн шектүү алгачкы көрсөтмөлөрүнөн баш тартууда, - жабырлануучунун жактоочусу (фото)

Turmush -  Мурда маалымдалгандай, 26-октябрда Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну балдызынын 2 жашка толо элек кызын сабап өлтүргөн. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган.

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Талант Култаевдин айтымында, күнөөлөнүп жаткан жаран кылмышын мойнуна албай коюуга аракет кылууда.

«Башында баарын мойнуна алып жаткан. Азыр кылмышты мойнуна албоого аракет көрүп жатат», - дейт жактоочу.

Өзгөн РИИБдин тергөө бөлүмү кыздын өлүмү боюнча тергөө жүрүп жатканын, шектүүнүн кылмышка тиешелүүлүгү боюнча фактылар бар экенин маалымдады.

Шектүү учурда Ош шаарында абакта кармалууда.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кыз ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

«Өзгөн районунун тургуну М.А. өзүнүн балдызынын кызын башына уруп өлтүргөн. 2 жаштагы кыз ооруканада жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатып каза болгон. Ооруканадагы дарыгерлер кыз буга чейин токмоктолушу мүмкүн деп билдиришти. Сабалып өлтүрүлгөн кыздын денесинде ар кандай тактар калган», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Кылмышка шектүү катары кармалган жаран алгачкы тергөө учурунда 2 жаштагы кызды сийип койгондугу үчүн сабагандыгын айткан. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, текшерүү иштери улантылууда.

Өзгөндө 2 жаштагы кызды жездеси сабап өлтүрдү: Кайнатам кызымды таштан кулап кеткенин айтып, мени алдаптыр, - өлтүрүлгөн кыздын атасы (фото)

Асия

В 2

Асиянын атасы Медербек

В 1

Шектүү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×