Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 11.11.2015 11:08

Өзгөндө ишкерди тоноого шектелген «Сашка» каймана аттуу А.Амановдун соттогу иши убактылуу токтотулду

Turmush -  Өзгөндүк ишкерди тоноого шектелген А.Амановдун иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу жактоочу Байыш Жоробеков билдирди. Анын айтымында, кийинки соттук отурум 17-ноябрдан кийин белгилүү болушу мүмкүн.

Мурдараак маалымдалгандай, Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн жашоочусу жеке ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсүн 2014-жылдын 31-августунда түн ичинде белгисиз адамдар карактап кетишкен. Бул окуяга шектүү катары Канжар Кадыралиевге (КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы) кылмыш иши козголуп, анын «оң колу» катары таанылган Абдисалам Аманов (лакап аты Сашка) 20-январда кармалып, камакка алынган.

Аманов да өзгөндүк ишкер С.Келдибаевдин үйүн карактоого катышкан деп шектелген.

Жактоочу Байыш Жоробековдун айтымында, А.Амановдун иши акыркы жолу 21-октябрда Өзгөн райондук сотунда каралып, соттук отурум жылдырылган. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×