Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуӨзгөн району 03.11.2015 12:49

Өзгөндүн Кызыл-Тоо айылында 25 жыл мурун курулагн мектеп 320 миң сомго оңдоодон өттү

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айыл өкмөтүндөгү Эркин-Тоо орто мектеби толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Жылдызбек Ашимбетов Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди. Анын айтымында, аталган мектеп 1990-жылы курулгандыктан, оңдоого муктаж болгон.

«Биз жергиликтүү бюджеттен 320 миң сом каражат бөлүп, Эркин-Тоо мектебин оңдоодон өткөрдүк.  Ошону менен катар от казанын дагы жаңылап, мектепке жылуулук да берилди. Бул мектеп 1990-жылы курулгандыктан имараты эскирип калган. Аталган мектепке улай, Кызыл-Тоо орто мектебине да жаңы от казан куруп бердик», - деди Ж.Ашимбетов.

Бул  айыл өкмөттө жалпы 4 мектеп бар. Бардык мектептерге жылуулук берилип, 166 тонна көмүр алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×