Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 02.11.2015 13:10

Өзгөндө 2 жаштагы кызды жездеси сабап өлтүрдү: Кайнатам кызымды таштан кулап кеткенин айтып, мени алдаптыр, - өлтүрүлгөн кыздын атасы (фото)

Turmush -  Мурда маалымдалгандай, 26-октябрда Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну балдызынын 2 жашка толо элек кызын сабап өлтүргөн. Кыздын атасы Медербек аймактык кабарчы менен болгон маегинде кызы өлгөнүн 1 күндөн кийин билгенин, ал кызы таштан кулап каза болду деп укканын айтып берди.

Асия

В 2

«Мага кызымды таштан кулап өлдү деп кайнатам айтты. Барып кызымдын бетин ачып көрсөм, бетинде көк ала болгон тактар бар экен. Мен жаш балдар урган окшойт деп ойлодум. Кийин маалымат сайттарга кызымдын сабалып өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат чыкты. Мен ошондо билдим. Келинчегим экөөбүз 5 айдан бери урушуп, ал төркүнүндө жүргөн. Бажамдын үйүнө качан барганын билбейм. Ортобузда бир эле кыз болчу.

Кызымды өлтүргөн бажам мыйзам алдында жооп берсин. Ал колу менен жамбашына урганын айтты. Окуя кандай болгонун так билбейм. Кызымды жерге бердик. Экспертизанын да жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат экен. Кызым Асия 10-январда 2 жашка толмок», - деди Медербек Абдылда уулу.

Медербек

В 1

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кыз ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

«Өзгөн районунун тургуну М.А. өзүнүн балдызынын кызын башына уруп өлтүргөн. 2 жаштагы кыз ооруканада жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатып каза болгон. Ооруканадагы дарыгерлер кыз буга чейин токмоктолуп жүргөн болушу мүмкүн деп билдиришти. Сабалып өлтүрүлгөн кыздын денесинде ар кандай тактар калган», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Кылмышка шектүү катары кармалган жаран тергөө учурунда 2 жаштагы кызды сийип койгондугу үчүн сабагандыгын айткан. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери улантылууда.

Шектүү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×