Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 28.10.2015 10:32

Өзгөндүк ишкерди тоноого шектелген А.Амановдун иши боюнча соттун өкүмү чыга элек

Turmush -   Өзгөндүк ишкерди тоноого шектелген А.Амановдун иши боюнча соттун өкүмү чыга элек . Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Ош облусундагы Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн жашоочусу жеке ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсүн 2014-жылдын 31-августунда түн ичинде белгисиз адамдар карактап кетишкен. Бул окуяга шектүү катары Канжар Кадыралиевге (КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы) кылмыш иши козголуп, анын «оң колу» катары таанылган Абдисалам Аманов (ылакап аты Сашка) 20-январда кармалып, камакка алынган.

Аманов да өзгөндүк ишкер С.Келдибаевдин үйүн карактоого катышкан деп шектелген.

Жактоочу Байыш Жоробековдун айтымында, А.Амановдун иши 21-октябрда Өзгөн райондук сотунда каралып, соттук отурум жылдырылды.

Кийинки соттук отурум 2-ноябрга белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×