Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 24.10.2015 12:55

Өзгөндүн Кызыл-Тоо айылында курулуп жаткан алгачкы бала бакчанын курулуш иштери ноябрь айында аяктайт

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылында курулуп жаткан бала бакчанын курулуш иштери ноябрь айында аяктайт.

Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Эшимбетов билдиргендей, буга чейин аталган айылда бала бакча болгон эмес.

«Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тоо айылында салынып жаткан бала бакчанын курулушу аяктап калды. Курулуш иштери ушул жылдын сентябрь айында башталган. Бакчаны ноябрь айында колдонууга берүү пландалууда. 60 орундуу бала бакчанын куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 3 млн 300 миң сом акча каражаты каралган. Буга чейин аталган айылда бала-бакча болгон эмес», - деди Ж.Эшимбетов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×