Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 22.10.2015 18:17

Өзгөндө 5 баласынын энеси болгон аялын сабап өлтүргөн адам күнөөсүн моюндады

Turmush -  Өзгөн районунда 5 баласынын энеси болгон аялын сабап өлтүргөн адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомство билдиргендей, Өзгөн РИИБге үстүбүздөгү жылдын 17-октябрында Кара-Кулжа районунун 64 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, кызынын өлүмүнө күнөөлүүлөргө чара көрүүнү өтүнгөн.

Белгилүү болгондой, Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында 13-октябрда 43 жаштагы Г.П. каза болгон.

Каза болгон аялдын күйөөсү туугандарына саат 12:00 чамасында аялы үйдө электр мешине нан бышырып жаткан учурда ал жарылып кетип, ток уруп өлдү деп сөөктү шашылыш көмдүргөн. Бирок каза болгон аялдын энеси буга ишенбей милиция кызматкерлерине кайрылып, аталган фактыны иликтөөгө алууну суранган.

Анын арызы Өзгөн РИИБде каттоого алынып, андан ары тергөө бөлүмү иликтөө иштерин баштаган.

Каза болгон аялдын сөөгүн эксгумация кылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ош облустук соттук-медициналык борбору тарабынан 21-октябрда алдын ала корутунду чыгарылып, ар кандай жаракат белгилери бар экендиги аныкталган.

Аталган фактыга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

Бул кылмышка шектүү катары каза болгон аялдын 43 жаштагы күйөөсү Т.Р. кармалды.

Өзгөн РИИБдин ыкчам тобу кылмыш болгон жерди изилдөөгө алып, электр меши жарылып кеткен деген имиш жокко чыгарылды. Ошондой эле, үйдүн ичинен жана дааратканадан кылмыш ишин далилдеген буюмдар табылган.

Топтолгон далил буюмдардын негизинде шектүү адам кылган күнөөсүн моюнга алган. Ал аялынын өлүмүнөн 2 күн мурун талаадан аялы менен уруша кетип, катуу сабап салган. Кошуна жана туугандарына бул кылыгын көрсөтпөө үчүн аялын муздак үйдө камап койгон.

Эгер убагында медициналык жардам көрсөтүлсө, аял аман калмак. Бирок күйөөсү кылган ишине жооп берүүдөн корккон. Ал тургай, аялы дем албай калганда электр мешине күйүп калгандай кылып көрсөтүү үчүн аялдын үстүнө чүпөрөктөрдү таштап туруп өрттөгөн, деп айтылат билдирүүдө.

Аялдын өлүмүнүн себептери соттук-медициналык экспертиза тарабынан аныкталууда.

Белгилей кетсек, жубайлар бир нече жылдан бери бирге жашап 5 балалуу болушкан.

Учурда кылмышка шектүү адам убактылуу камакка алуучу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×