Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 12.10.2015 12:45

Өзгөндүн Кызыл-Тоо айылындагы турак үй бала бакчага айлантылды

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылына алгачкы жолу бала бакча ачылып, 60 бала тарбияланууда. Бул тууралуу аталган бала бакчанын негиздөөчүсү Сыргабай Үмүталиев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, «Нур дүйнө» бала  бакчасы менчик үйдө ачылып, ишке киризилген.

«Биздин айылда мурун бала бакча жок болчу. Атайын 90 орундуу бала бакча ачып, балдарды кабыл алууда. Учурда 60 бала тарбияланып жатат. Мен өз үйүмдү балдар бакча кылып ачып бердим. Мамлекет тарабынан отун-суусуна жардам бериле тургандыгын айтышты. Учурда ар бир ата-эне айына 900 сомдон төлөп, балдарын окутууда», - деди С.Үмүталиев. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×