Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 30.09.2015 11:40

Өзгөн районунда мамлекетке 814 миң сом зыян келтирген жетекчиге кылмыш иши козголду

Turmush -  УКМКнын Ош облусундагы бөлүмүнүн коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Өзгөн районунун Куршаб айылында ишенип тапшырылган мүлктү мыйзамсыз пайдаланган жетекчини аныктады. Мындай маалыматты бүгүн, 30-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматынын маалымдашты.

Берилген маалыматка ылайык, Куршаб айылдык жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун жооптуу кызматкери бюджеттик каражатты өзүнө ыйгарып алгандыгы жана жөнсүз короткондугу аныкталды. Ошондой эле курулуш ишканасынын аткарган ишин көбөйтүп койгондугу белгилүү болду.

2014-2015-жылдары Куршабдагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун директору Г.Т. мыйзамсыз түрдө 186 миң сом өлчөмүндөгү каражатты өзүнө сыйлык катары ыйгарып алган. Мындан тышкары бейтаптардын төлөмүнөн түшчү 49 миң 500 сомдун дайыны жок.

Ошондой эле аталган борбордун имаратына оңдоп-түздөө иштерин жүргүзгөн «Капитал-Сервис» ишканасы аткарган жумуштар боюнча бухгалтерияга туура эмес документтер берилген.

Документте оңдоп-түздөө иштерине 578 миң 900 сом чыгымдалды деп жазылганы менен, имаратты оңдоого анча каражат коротулбагандыгы белгилүү болду.

Көрсөтүлгөн мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке 814 миң 400 сом зыян келтирилген.

Бул факт боюнча УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын материалдарынын негизинде Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу), 315-берене (Кызматтык кара ниеттик), 350-берене (Окшоштуруп жасоо, жасоо, сатуу же жасалма документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамп, мөөр, бланкаларды колдонуу) жана 171-беренеси (Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу жана жок кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×