Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 28.09.2015 12:06

Өзгөндүн Макаренко айылындагы турак үй бала бакчага айландырылды

Turmush -  Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү Макаренко айылына «Суксур эне» бала бакчасы ачылып, пайдаланууга берилди. Бала бакча ижарага алынган турак үйдө ачылды, деп билдирди айыл өкмөттүн финансы бөлүмүнүн башчысы Акматали Абдиев Turmush басылмасынын кабарчысына.

Анын айтымында, бала бакчага жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150 миң сом каралган.

«60 орундуу жаңы бала бакчаны 26-сентябрь күнү пайдаланууга бердик. Бул айылда мурун бала бакча жок болчу. Учурда 52 бала кабыл алынып, тарбияланууда. Бала бакча муниципиалдык менчик болуп саналат», - деди А.Абдиев.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×