Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 22.09.2015 15:59

Оштун тургунунан мыйзамсыз түрдө кармалган бүркүт алынды (фото)

Turmush -  Ош облусунда Алайкуу өрөөнүндөгү Ой-Тал айылынын тургуну Сүйүнали Арыкбаевден мыйзамсыз түрдө кармалган бүркүт алынды. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Өзгөн шаары, Өзгөн, Кара-Кулжа райондук аймактык башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жаранга КРнын «Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү» кодексинин 148-беренесинин негизинде 2 миң сом өлчөмүндө айып салынып, өндүрүлдү.

Ал эми бүркүт Германиялык жаратылышты коргоо союзунун (НАБУ) жаныбарларды калыбына келтирүү борборуна өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×