Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 22.09.2015 08:47

Өзгөндө жол кырсыгынан 7 адам каза болду, анын ичинде ымыркай да бар (фамилиялары)

Turmush -  Өзгөн районундагы Мырзаке айылында кечээ, 21-сентябрда саат 10:00 чамасында Өзгөн-Кара-Кулжа унаа жолунун болжол менен 17-чакырымында «Мерседес-Бенц» жана «Хонда Степ» үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болгон.

Каза болгондор: «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү автоунаада:

1. Жакыпбек Каримов, 1960-жылы туулган, айдоочусу;

2. Мейман Өмүрзаков, 1936-жылы туулган;

3. Мырзали Жаныбеков, 1977-жылы туулган;

4. Саламат Исакова, 1957-жылы туулган;

5. Сумая Райымбаева, 2015-жылы туулган.

«Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаада:

1. Майсалбек Орунбаев, 1970-жылы туулган, айдоочусу;

2. 30-35 жаштар чамасындагы аял киши, аты-жөнү такталууда.

Ар кандай деңгээлдеги жаракат алган адамдар Өзгөн шаарынын райондук ооруканасына жеткирилген.

Алар:

1. Мастура Абдылдаева, 1975-жылы туулган;

2. Амир уулу Мурадил, 1992-жылы туулган;

3. Базаргүл Таирова, 1975-жылы туулган:

4. Артыкбай Жусупжанов, 1982-жылы туулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×