Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 21.09.2015 14:20

Ош облусунда жол кырсыгынан 6 адам каза болуп, 5 адам жабыркады

Turmush -  Өзгөн районундагы Мырзаке айылында бүгүн, 21-сентябрда саат 10:00 чамасында Өзгөн-Кара-Кулжа унаа жолунун болжол менен 17-чакырымында «Мерседес-Бенц» жана «Хонда Степ» үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

ӨКМ басма сөз кызматынан билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен «Мерседес-Бенц» унаасында 2 адам, «Хонда Степ» унаасында 1 адам кыпчылып, каза болушкан.

Унааларда кыпчылып каза болгон 3 адамдын жансыз денелерин КР ӨКМдин №53 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Кырсыктын кесепетинен жабыркаган 8 адам тез жардам унаасында Өзгөн райондук ооруканага жеткирилген.

Ооруканада 8 адамдын ичинен 3 адам (1 жаш бала 3 айлык) каза болушкан. Жалпысынан кырсыктын кесепетинен 6 адам каза болуп, 5 адам жабыркаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×