Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 18.09.2015 12:49

Сентябрга карата күйүүчү майдын Өзгөндөгү баасы түштүк аймак боюнча эң жогорку арзандоону көрсөттү

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда сентябрь айына карата күйүүчү-майлоочу майлардын баалык айырмасы 1,5-7,2%ды түзүп, түштүк аймак боюнча эң жогорку арзандоону көрсөттү. Экономика министрлигинин түштүк аймактар аралык соода, ишкердик жана текшерүүлөрдү көзөмөлдөө секторунун маалыматына ылайык, Өзгөн шаарында 11-сентябрга карата А-80 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 35 сом болсо, бир апта мурун 37,5 сомго сатылып жаткан. Баадагы айырма 6,7%ды түздү.

Көрсөтүлгөн убакытта Өзгөн шаарында А-92 үлгүсүндөгү 1 литр бензин 42 сом болсо, бир жума мурунку баасы 42,6 сом болгон. Баа 1,5%га төмөндөдү.

Ошондой эле 1 литр дизель отуну бир апта мурун 40,9 сом болсо, 11-сентябрга карата 38 сом болуп, 7,2%га арзандады.

Жалпысынан түштүк аймак боюнча А-80 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри көрсөтүлгөн убакытта 37,5 сомдон 36,9 сомго арзандап, төмөндөө 1,6%ды түздү.

А-92 үлгүсүндөгү 1 литр бензин түштүк аймак боюнча көрсөтүлгөн убакытта 43,8 сомдон 43,3 сомго, же 1,1%га арзандаган.

Ал эми 1 литр дизель отунун баасы 11-сентябрга карата 40,1 сом болсо, бир апта мурун 41,8 сомго бааланган. Баадагы айырма 4,1%ды көрсөттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×