Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуӨзгөн району 17.09.2015 10:52

Кара-Суу жана Өзгөн шаарларында көмүрдүн баасы кымбаттады

Turmush -  Ушул жылдын 11-сентябрына карата, Ош облусуна караштуу Кара-Суу, Өзгөн шаарларында көмүрдүн баасы кымбаттады. Мындай маалыматты Экономика министрлигинин түштүк аймактар аралык сооданы анализдөө, ишкердик жана текшерүүнү көзөмөлдөө секторунан билдиришти.

Сектордун маалыматына ылайык, Кара-Суу шаарында көрсөтүлгөн убакытта 1 тонна көмүрдүн баасы 4 миң 500 сомду түзсө, бир жума мурун 4 миң 198 сомдон сатылып, көмүрдүн баасы 7,2%га кымбаттаганы байкалды.

Өзгөн шаары боюнча, 11-сентябрга карата 1 тонна көмүр 4 миң 500 сомго бааланган болсо, бир жума мурунку баасы 4 миң 357 сомду түзүп, баалык көрсөткүч 3,3%ды түздү.

Жалпы түштүк аймак боюнча көрсөтүлгөн убакытта 1 тонна көмүр 3 миң 935 сомго бааланып, бир жума мурунку баасы 3 миң 898 сомдон 1%га кымбаттады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×