Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 15.09.2015 12:14

Өзгөн районунун тургуну өз үйүн бала бакчага берди

Turmush -  Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүндө «Айдин» атындагы жамааттык бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган райондун социалдык маселелер боюнча башкы адиси Жоробек Тургунбаев Turmush  басылмасынын кабарчысына билдирди.

Бала бакчанын ачылышына өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков келип катышты.

«Мырза-Аке айыл өкмөтүндө 100 орундуу бала бакча ачылды. Бала бакчаны жергиликтүү тургундардын бири Бурул Сагынбаеванын демилге көтөрүп, өз үйүн жамааттык бала бакча кылып ачып берди. Бакчага жергиликтүү бюджеттин эсебинен муздаткыч алынды. Келген коноктор да өздөрүнүн белектерин тапшырышты. Учурда 60ка жакын бала кабыл алынып, тарбияланууда», - деди  Ж.Тургунбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×