Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 11.09.2015 10:08

Өзгөн районундагы жол кырсыгынан 1-класстын окуучусу каза болду

Turmush -  Кечээ, 10-сентябрь күнү болжол менен саат 10:30 чамасында Бишкек—Ош автоунаа жолунун 598-чакырымында жол кырсыгынан 1-класстын окуучусу каза болду.

ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Ош шаарында 1993-жылы туулган О.А. «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунаасы менен баратып, Бостон айылындагы О.Жусупов орто мектебинин 1-классында окуп жаткан окуучу кызды сүзүп кеткен.

Жабырлануучу алган жаратынан улам Өзгөн райондук ооруканасында каза болгон. Айдоочу кармалып, бул факты боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×