Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 02.09.2015 09:53

Өзгөндүн Кыргызстан айылында жарактан чыккан имараттын ордуна өкмөттүн көзөмөлү менен 53 млн сомдук мектеп курулууда

Turmush -  Өзгөн районунун Кыргызстан айылындагы Үсөн уулу Жаныш атындагы орто мектеп жаңыдан салынууда. Аталган мектептин 1-имараты жараксыз абалга келип, пайдалануудан чыгып калган. Райондун билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Дүйшөбай Назырбаевдин айтымында, жаңы имарат салууга мамлекеттик бюджеттен 53 млн сом бөлүнгөн.

«Үсөн уулу Жаныш атындагы мектептин 1-имараты жарактан чыгып, окуучулар 2-имаратында билим алууда. Учурда аталган мектептеги курулуш иштери 2-кабатына жетти. Мектептин курулуш ишине өкмөт башчы Темир Сариев өзү көзөмөл кылууда. Жаңы мектепти ушул жылдын 1-ноябрында пайдаланууга берүүнү пландап жатабыз», - деди Д.Назырбаев.

Аталган мектепте жалпысынан 558 окуучу билим алып, 30 мугалим эмгектенет. Буга чейин айылдын окуучулары мечитте окутулуп жатканы айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×