Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 01.09.2015 18:27

Өзгөн районунда 3100 бала 1-класска барды

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районундагы 96 мектепте бүгүн, 1-сентябрда билим күнү белгиленип, тарбиялык сааттар өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Дүйшөбай Назырбаев Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

«Райондогу бардык мектептерде билим күнү белгиленип, «Мекеним менин Кыргызстан» аттуу темада окуучуларга тарбиялык сааттар өткөрүлдү. Негизинен быйылкы жылы 3100 окуучу 1-класска, 3008 окуучу мектепке даярдоочу класска кабыл алынды. Быйылкы жылы мектептер жаңы окуу жылына толугу менен даярдалган. Жаңы окуу жылга даярдыктар боюнча облуста Өзгөн району биринчиликти камсыздады. Ошондой эле, андагы мектептер китеп менен 78%га камсыз болушат. Кыргыз мектептер 86%га, орус мектептер 74%га, өзбек мектептер 77%га китеп менен камсыз болгон», - деди Д.Назырбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×