Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 01.09.2015 08:50

Ноокат менен Кара-Сууда буудай менен унга болгон баалар өзгөрдү

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда август айынын аягына карата буудай менен унга болгон баалар өзгөрдү. Экономика министрлигинин түштүк аймактык башкармалыгынын анализ секторунун маалыматына ылайык, август айынын ортосунан аягына чейин Кара-Сууда буудайдын баасы 24 сомдон 16,4 сомго ылдыйлап, баанын төмөндөө көрсөткүчү 31,7%ды түздү.

Ал эми Ноокат районунда тескерисинче буудайдын баасы 17 сомдон 18,5 сомго көтөрүлүп, көрсөткүч 8%га жетти.

Ноокатта августтун ортосунда 1-сорттогу 1 кг ундун баасы 29 сомду түзсө, 28-августка карата 30 сом болуп, баа 3,4%га өстү.

Аталган аймактарда көрсөтүлгөн убакыт ичинде 2-сорттогу ундун баасы төмөндөдү. Кара-Сууда 2-сорттогу ундун баасы 33,67 сомдон 24,9 сомго ылдыйлап, баа 26%га түштү. Ал эми Ноокатта августтун ортолорунда 27 сом болсо, учурда 23 сомго бааланып, баа 14,8%га ылдыйлады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×