Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 31.08.2015 14:38

Өзгөндө Эгемендүүлүк күнүнө карата футбол боюнча биринчилик өтүп жатат

Turmush -  Өзгөн шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата спорттун футбол түрү боюнча шаар биринчилиги өткөрүлүүдө.

Мэриянын маалыматына ылайык, мэрдин кубогу үчүн буга чейинки мелдештерге 20 кварталдын ичинен 17 команда катышып, жыйынтыгында Ташлак кварталынын «Ташлак» курама командасы жана Шарк кварталынын «Нусрат» курама командасы финалга чыккан.

Бүгүн, 31-августта аталган эки команда финалдык беттешин өткөрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×