Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 31.08.2015 12:57

Өзгөндө август айынын аягына карата буудай менен кесме азыктарына болгон баалар өзгөрдү

Turmush -  Өзгөн районунда августтун ортоcунан баштап буудай менен кесме азыктарынын баасы кескин түрдө өзгөрдү.

Экономика министрлигинин түштүк аймактагы башкармалыгынын маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн убакыт ичинде райондун аймагында 1 кг буудайдын баасы 16 сомдон 13,2 сомго ылдыйлап, баа 17,5%га түштү.

Айдын башында 1 кг кесме азыгы 44,5 сомду түзсө, айдын орто ченинде 47 сомго көтөрүлүп, 28-августта кайрадан баштапкы баага — 44,5 сомго түштү.

Жалпысынан түштүк аймак боюнча августтун ортосуна карата 1 кг буудайдын баасы 18,67 сомду түзсө, 28-августта 17,53 сомду көрсөтүп, баа 6,1%га төмөндөдү.

Ал эми кесме азыктарынын 1 кг салмагы 46,1 сомдон 47,1 сомго же 2,1%га жогорулады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×