Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Ош облусуӨзгөн району 31.08.2015 12:56

Өзгөн шаарында эгемендүүлүктүн 24 жылдыгына карата майрамдык салтанат кечки саат 9га чейин белгиленет

Turmush -  Өзгөн шаарында эгемендүүлүктүн 24 жылдыгына карата майрамдык салтанат белгиленүүдө . Бул тууралуу Өзгөн шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, майрамга саясий жана коомдук ишмер Аалы Карашев жана Өзгөн шаарынын мэри Нодир Каримов катышып, айыл өкмөттөр тарабынан даярдалган колдо жасалган буюмдардын жана тамак-аштардын көргөзмөсү өтүүдө.

Аны менен катар, келген конокторго райондогу маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланууда. Мындан сырткары, райондогу 26 баатыр энеге администрация тарабынан күбөлүктөр тапшырылды. Майрамдык салтанат кечки саат 21:00гө чейин улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×