Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 21.08.2015 11:04

Өзгөндө унаага жүктөлгөн 12 тонна чөп күйүп кетти

Turmush -  Өзгөн районунун Жазы айыл аймагындагы Кызыл-Дыйкан айылында «Мерседес гигант» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаага жүктөлгөн 12 тонна чөп күйүп кетти. Өрттөн унаага да жеткен. Кырсыктын себептери такталууда, деп маалымдайт ӨКМ.

Мындан тышкары, аталган райондун Какыр айылында шифер жабылган сарайдын чатыры, 10 тонна чөп күйүп кетти. Ага 6 жаштагы баланын от менен ойногондугу себеп болгон.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×