Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Ош облусуӨзгөн району 19.08.2015 09:06

Өзгөндүн аймагында бара жаткан унаалар сүзүшүп, жаракат алган 6 адам ооруканага жаткырылды

Turmush -  Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагындагы Ана-Кызыл айылында кечээ, 18-августта саат 09:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 595-чакырымында «Мерседес-Бенц Е230» үлгүсүндөгү унаа менен «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 6 адам ар кандай деңгээлде жаракат алды, деп билдирди ӨКМ.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар унаага кыпчылып калган адамдарды чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилди.

 

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×