Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 13.08.2015 17:54

Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында 1 млн сом каражатка 100 орундуу бала бакча курулууда

Turmush -  Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында 100 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Эрнист Толтоев аймактык кабарчыга билдирди. Анын айтымында, аталган бала бакча айыл тургуну Кубаныч Исмаиловдун каржылоосу менен курулууда.

«Биздин айыл өкмөткө 2 жылдын аралыгында 3 бала бакча салынды. Учурда 4-бала бакчанын курулуш иштери жүрүп жатат. 100 балага ылайыкташкан бала бакча курулат. Жалпысынан курулуш иштерине 1 млн сом каражат сарпталат. Бул бала бакчанын ачылышын ушул айдын ичинде пландап жатабыз. Жаңы бакча ишке кирсе, балдардын 45%ы бала бакчадан билим алат», - дейт Э.Толтоев.

Маалыматка ылайык, бала бакчанын бир тарбиялануучусунун күнүмдүк тамак-ашына 18 сомдон бөлүнөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×