Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуӨзгөн району 13.08.2015 17:47

Өзгөндүн Жалпак-Таш айыл аймагында жаңы мектептин имараты пайдаланууга берилет

Turmush -  Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү Карл Маркс атындагы башталгыч мектеби жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Сооронбек Паизов Turmush басылмасынын кабарчысына билдирди.

«Мектеп 2013-жылы мамлекет тарабынан курулуп бүткөрүлгөн. Бирок, ичинде жабдыктар, эмеректер жок болгондугуна байланыштуу пайдаланууга берилген эмес. Окуучулар Союз убагында курулган 3 бөлмөлүү имаратта окуп келишкен. Быйыл имараттын ички жабдыктары Өзгөн райондук билим берүү бөлүмү тарабынан толук камсыз болуп, жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет», - деди С.Паизов.

Мындан сырткары, аталган айыл өкмөттүн Курбу-Таш айылына жеке ишкер У.Калмырзаевдин демилгеси менен туурасы 7 метр, узуну 15 метр болгон бассейндин курулуш иштери жүрүп жатат. Учурда курулуш иштеринин 80%ы бүткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×