Бөлүмдөр
Ишемби, 17-август
Ош облусуӨзгөн району 11.08.2015 15:18

Өзгөн районунда ун жана кесме азыктарынын баасы өзгөрүүдө

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунда июль айынын аягынан 7-августка чейин ундун жана кесме азыктарынын баасы өзгөрүлдү. Мындай маалыматты, бүгүн, 11-августта Экономика министрлигинин түштүк аймактык аралык башкармалыгынын ишкердик жана сооданы анализдөө секторунан билдиришти.

Берилген маалыматка ылайык, көрсөтүлгөн убакыт ичинде Өзгөн шаарында 2-сорттогу ундун 1 кг баасы 21,8 сомдон 23 сомго кымбаттап, баанын көрсөткүчү 5,6%ды түздү.

Бул убакыт аралыгында Өзгөн шаарында кесме азыктарына болгон баа төмөндөдү. 1 кг кесменин баасы 47 сомдон 44,5 сомго түштү же 5,3%га арзандады.

Жалпы түштүк аймагы боюнча июль айынын аягынан 7-августка чейин 2-сорттогу ундун баасы 24,2 сомду түздү.

Ал эми кесме азыктарынын 1 килограмм баасы көрсөтүлгөн убакыт ичинде түштүк аймакта 46,1 сомдон 45,9 сомго, же 0,4%га арзандады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×