Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 07.08.2015 16:11

К.Кадыралиевдин «оң колу» аталган А.Амановдун сотуна жабырлануучу тарап экинчи жолу келбей койду

Turmush -  Ош облусундагы Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн жашоочусу, жеке ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсүн 2014-жылдын 31-августунда түн ичинде белгисиз адамдар карактап кетишкен. Бул окуяга шектүү катары Канжар Кадыралиевге (КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы) кылмыш иши козголуп, анын «оң колу» деп аталган Абдисалам Аманов (Сашка) 20-январда кармалып, камакка алынган.

Аманов да өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин үйүн карактоого катышкан деп шектелген. Бул иш боюнча тергелип бүтүп сотко өткөрүлүп берилген.

Жактоочу Байыш Жоробековдун айтымында, А.Амановдун бүгүн, 7-августта Өзгөн райондук сотунда каралып, жабырлануучу тараптан келбегендигине байланыштуу сот отуруму 17-августка жылдырылды.

Буга чейин 31-июлда өткөн отурумга да жабырлануучу тарап катышкан эмес.

А.Аманов Ош шаарындагы абакта кармалууда.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×