Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 06.08.2015 11:27

Өзгөн шаарындагы мүрзөнүн аймагынан өрт чыкты

Turmush -  Ош облусундагы Кара-Суу районунун Беш-Мойнок айылындагы короодо өрт чыгып, 200 түк чөп күйүп кетти. Кырсык отко этиятсыз мамиле кылуудан улам чыккан.

Бүгүн, 6-августта ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Өзгөн шаарындагы мүрзөдөн да өрт чыгып, 1,5 гектар куураган чөп күйүп кетти.

Ошондой эле, Өзгөн районунун Жээренчи айылындагы эки кабаттуу мал сарайдан өрт чыгып, чөп жана 2 тонна саман күйүп жатат. Себептери такталууда.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×