Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 28.07.2015 10:26

К.Кадыралиевдин «оң колу» аталган А.Амановго байланыштуу козголгон ишти Өзгөн райондук соту 30-июлда карайт

Turmush -  Ош облусундагы Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтүнүн жашоочусу, жеке ишкер Сактан Келдибаевдин үй-бүлөсүн 2014-жылдын 31-августунда түн ичинде белгисиз адамдар карактап кетишкен. Бул окуяга шектүү катары Канжар Кадыралиевге (КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы) кылмыш иши козголуп, анын «оң колу» деп аталган Абдисалам Аманов (Сашка) 20-январда кармалып, камакка алынган.

Аманов да өзгөндүк ишкер Сактан Келдибаевдин үйүн карактоого катышкан деп шектелген. Бул иш боюнча тергелип бүтүп сотко өткөрүлүп берилген.

Жактоочу Байыш Жоробековдун айтымында, А.Амановдун иши 30-июлда Өзгөн райондук сотунда каралат.

А.Аманов Ош шаарындагы абакта кармалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×